КЫШ І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Ылайга топон же саман кошулуп жасалган кирпич. Кыш куюу маселеси чечилди, малчылар өзүбүз куябыз деп милдеттенме алышыптыр (Байтемиров).
КЫШ ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жылдын күздөн кийин келүүчү суук мезгили. Кыш өкүмү баскан менен кырларды, Колхозчуда токчулуктун жыргалы (Осмонов). Жылуу кийим камдайлы, Кыш мезгилде киерге (Тоголок Молдо).
КЫШ ІІІ: кыш-кыш Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Демигип, энтигип, күйүгүп калганда, көкүрөк кирилдегенде чыккан сыяктуу дабыш. Онтолой басып, үшкүрө-бышкыра кыш-кыш этишет (Убукеев).